02
Декабрь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген памирлик кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, бүгүн, 1-декабрда, Кыргызстанга туугандарын көрүүгө келген Чоң жана Кичи Памирдин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Чолпон Султанбекова Чоң жана Кичи Памирде жашаган памирлик кыргыздардын абалына кызыкты. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттоштуруу маселесинде КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу Афганистан Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.
Чолпон Султанбекованын айтымында, бул Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын экинчи делегациясы. Алар мында туугандарынын кандай жашап жаткандыгын көрүү максатында келишкен. Белгилүү болгондой, буга дейре Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматы жана Афганистандын Бадахшан провинциясынын администрациясы ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Келишимге ылайык, памирлик кыргыздар өз балдарын Кыргызстанга билим алууга жөнөтө алат. Учурда алар Нарын облусуна жайгаштырылган.
«Памирлик кыргыздардын балдары билим ала баштады. Алар толугу менен жергиликтүү шартка көнө баштады. Кыргызстанда алгачкы памирлик кыргыз дүйнөгө келди. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги алар үчүн окутуунун атайы планын иштеп чыкты», — деди ал.
Белгилесек, 2017-жылдын орто ченинде Кыргызстанга Чоң жана Кичи Памирден 33 этностук кыргыз көчүрүлүп келген. Алар Нарын облусуна жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү