09

Декабрь

2016

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлөр боюнча директорунун орун басары Кейко Изуши менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 8-декабрда, БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өлкөлөр боюнча директорунун орун басары Кейко Изуши менен жолугушту.

Кейко Изуши Кыргыз Республикасында БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, тактап айтканда, мектептик тамактанууну жакшыртуу боюнча программа жана социалдык коргоо жана коомчулуктун  социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча улуттук тутумду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү долбоору тууралуу мааалымдады.

Белгиленгендей, БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башкы максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тамак-аш коопсуздугун жакшыртуу, мектептик тамактанууну жакшыртууга басым жасоо аркылуу коомчулуктун туруктуулугун жогорулатуу, айыл-жергесин, социалдык коргоону өнүктүрүүнү, жаратылыш кырсыктарын башкарууну жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну жакшыртуу боюнча мүмкүндүгүн чыңдоо болуп саналат.

БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө долбоор алкагында Кыргызстандын 266 мектеби мектептик тамактануунун натыйжалуу ыкмаларына өттү.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз сиздер тараптан ишке ашырылып жаткан долбоорлор ар-кыл багытты камтуу менен улантылышына кызыкдарбыз. Өкмөт өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого ниеттенүүдө», - деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

[su_carousel source="media: 86468,86469,86470,86471,86472"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү