16
Июнь
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова балдар үйлөрүнө жайгаштырылган балдардын санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-июнда, «Кыргыз Республикасындагы балдардын абалы» тууралуу семинарда, балдар үйлөрүнө жайгаштырылган балдардын санынын көбөйүшүнө, ошондой эле мындай балдардын санын кыскартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат натыйжасын бербей жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.
«Учурда интернат тибиндеги балдар үйүндө 9000 бала тарбияланса, алардын болгону 6% жетим балдар түзөт. Калган балдардын атасы, энеси же туугандары бар. 2014-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта 1688 бала интернатка берилген болсо, көрсөтүлгөн аралыкта болгону 30 бала асырап алууга берилген», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова учурда интернат баланын керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү мекеме катары кабыл алынып баштаганына, интернаттарда билим берүү системасы жалпы эле балдарга жана коом үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени тууралуу эч кандай түшүнүк жок экенин көңүл буруу зарылдыгын эскертти.
«Балдар — жашоодо эң кымбат жана баалуу. Биз аларды камсыз кылуу үчүн жумушта иштеп, балдарды тарбиялоого жакшы көңүл бурбай жатабыз. Аларды үч жолу тамак берген интернаттарга калтырып, бул жердин шарты жакшы деп ойлойбуз. Биз азыр бардыгыбыз ойлонушубуз керек. Ошончо биз иштеп тапкан каражаттар кеткен убакытты жана балдарга берилбей калган тарбияны актай алабы? Мамлекет адамдын баалуулуктардын эсебинен гана өнүгө алат. Балдар биздин келечегибиз», — деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.
Вице-премьер-министр билдиргендей, ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан 2018-2020-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча комплекстүү программа иштелип чыгып, азыр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алар алдында турат. Аталган программа үй-бүлө институтун бекемдөөгө, руханий баалуулуктарды, үй-бүлөлүк мамилени жана тарбияны бекемдөөгө, балдардын укугун коргоого жана алардын толук кандуу үй-бүлөдө тарбияланышын камсыз кылууга багытталган.
[su_carousel source="media: 97209,97208,97206,97205,97204,97203,97202,97201" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү