18

Январь

2017

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Боинга-747» авиа кырсыгынын кесепетинен ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 16-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында «Боинг-747» учагынын авиа кырсыгынын натыйжасында ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга байланыштуу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Алынган маалыматтарга караганда, бүгүн, мамлекет тарабынан колдоого муктаж эки бала ата-энесинин камкордугусуз калган.

Буга байланыштуу вице-премьер-министр болуп өткөн кырсыктын кесепетинен улам балдарга медициналык жардам анын ичинде психологиялык жана реаблитациялык колдоо көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигине балдардын жакын туугандарына көмөк көрсөтүү менен ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асырап алууну ыкчам тартипте жол-жоболоштурууну тапшырды.

Чолпон Султанбекова белгилегендей, социалдык жөлөк пулдарды дайындоо жана балдарга төлөө маселеси, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар да анын жеке көзөмөлүндө болот.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга «Боинг-747» авиа кырсыгынан жабыркаган балдарга татыктуу билим берүү менен камсыз кылуу, аларга азык-түлүк, алардын алгачкы керектөөсүнө зарыл муктаждыктар болуп калган учурда маселелерин тезинен иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү