30

Июнь

2015

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Ар-жылкы өтүүчү «Кыргыз шырдагы» элдик кол өнөрчүлүк фестивалы Ат-Башы районунун жүзү болуп бере алат”

2015-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облусунун Ат-Башы районундагы ар-жылкы өтүүчү «Кыргыз шырдагы» V эл аралык элдик жана кол өнөрчүлүк фестивалына катышты.

Фестивалда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын өкүлдөрү 2000 ашуун шырдактын түрлөрүн тартуулашты. Анда мыкты улуттук тамак-аштарга сынак уюштурулуп, спорт оюндары, театралдык оюндар өткөрүлдү.

Өз сөзүндө вице-премьер белгилегендей, фестивалдын максаты – шырдакты, элдик кол-өнөрчүлүктү калк арасында кеңири жайылтуу. «Ар-жылкы өтүүчү «Кыргыз шырдагы» элдик кол өнөрчүлүк фестивалы Ат-Башы районунун жүзү болуп бере алат. Ошол эле учурда туризмди өнүктүрүү жана аймакка инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү тартуулайт», - деди Д.Ниязалиева.

Фестивалдын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Ат-Башы районунун Башкайыңды айылынын тургуну Бурулсун Бостоналиевага 50 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана Дипломду тапшырды. Кол өнөрчүнүн аталган шырдагы Кыргыз Республикасынын Тарых музейине өткөрүлөт. Ал эми Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынан катышкан Бегимбаева Замигүлгө экинчи орун ыйгарылып, 40 000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Үчүнчү орун Ат-Башы районунун Башкайыңды айылынын тургуну Сулайманова Айсалкынга ыйгарылып, 30 000 сом тартууланды.

Экинчи орунга ээ болгон шырдак Нарын облустук музейине өткөрүлүп, ал эми үчүнчү орунга татыган шырдак Г.Айтиев атындагы сүрөт өнөр музейине тапшырылды.

Эскертсек, бул фестиваль 2011-жылдан тарта өткөрүлөт жана быйылкы жылы жалпы сыйлык фонду 580 миң сомду түзгөн. Иш-чаранын демөөрчүлөрү катары КСДП, Бүтүн эмгек Кыргызстан партиялары чыккан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү