13
Июнь
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева: «Ысык-Көл мамлекеттик университети облус боюнча гана эмес, жалпы республика боюнча мыкты окуу-жайлардын бири болуп саналат»
Бүгүн, 13 июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Дамира Ниязалиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ректорду жана жалпы жамаатты куттуктап, аталган университет мыкты базага жана республикада тийиштүү абройго ээ экендигин кошумчалады.
«Ысык-Көл мамлекеттик университети жүздөгөн кесипкөй кадрларды жана таанымал инсандарды тарбиялап чыгарган окуу-жай болуп эсептелет”, – деди вице-премьер-министр.
Аталган ЖОЖ 1992-жылы университет макамына ээ болуп, ага Кыргызстандын филология илимин негиздеген, коомдук ишмер жана агартуучу Касым Тыныстановдун наамы ыйгарылган.
«Биз бул университеттин таанымал бүтүрүүчүлөрүн сыймыктануу менен атай алабыз, алардын катарына академиктер Б. Орозбаева, Ж. Жээнбаева, А. Карыпкулова жана башка инсандар кирет. Советтик мезгилдеги мыкты педагогдор К. Мамбеталиевди жана Ж. Утуровду жылуу маанай менен эскеребиз. Бүгүнкү күндө бул университетте 15 жакын докторлор жана профессорлор, 10 жакын илимдин кандидаттары, доценттер эмгектенүүдө Ал эми 2012-жылдан тарта Болондук билим берүү тутуму боюнча окутуу башталган, анда окутуу бакалавриат жана магистратура деңгээлине бөлүштүрүлгөн. Жалпысынан алганда мыкты кадрларды даярдоо боюнча активдүү иш жүрүүдө», – деп маалымдады вице-премьер-министр.
Сөзүнүн жыйынтыгында Дамира Ниязалиева Ысык-Көл мамлекеттик университетинин атамекендик билим берүүдөгү башкы флагмандарынын бири катары жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жогорку маанисин жана салымын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү