30

Ноябрь

2017

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев КР СӨП Эл аралык бейтарап сотунун 15-жылдыгына арналган конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, бүгүн, 30-ноябрда, КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соту уюштурган “Борбордук Азия боюнча бейтарап сот институттарынын өнүгүү келечеги” боюнча мааракелик эл аралык конференциясына катышты. Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап сотунун 15 жылдыгына арналган. “Жакында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин төртүнчү отуруму болуп, анда 2040-жылга чейинки өлкөнү өңүктүрүү боюнча долбоор каралды. Анын негизги приоритети болуп, Кыргызстанда бизнести колдоо жана өнүктүрүү багыты турат” –деди Д. Кенекеев. Ошондой эле, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан “Жаңы доорго- кырк кадам” орто мөөнөттү программасы ишке ашып жатканын айтып, андагы эки негизги багыт бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин белгиледи. “Биринчи багыты-“Таза-Коом” Улуттук программасы бизнес жана мамлекеттик органдардын мамилелерин санариптештирүү менен  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды алып, бюрократия жана коррупция элементтерин түп тамыры менен жоюу. Экинчи багыты- “Биз -бизнес менен” деп аталып, анда жаңы гана негизделип жаткан бизнес менен катар иштеп жаткан инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү” - деди Д.Кенекеев. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев жарандык укук мамилелери боюнча талаш-тартыштарды чечүүдө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту сыяктуу  арбитраждык институттардын өзгөчө ордун белгилеп кетти. “Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык бейтарап соту негизделгенден бери 800 ашык экономикалык талаш тартыштар каралып, арыздарда талап кылынган сумма 77 миллион АКШ доллардан ашкан”, -деди Д. Кенекеев. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык Бейтарап соту өлкөдөгү экономикалык талаштарды көзкарандысыз арбиртлар менен ыкчам жана сапаттуу чечилишин камсыз кылган бейтарап институттардын катарына кирет. [su_carousel source="media: 107903" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү