22

Сентябрь

2017

Вице- премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев: Келечегибиз жаңыртылган кубаттуулук булактарын колдонууда

Келечегибиз экономикага пайдасы бар жана табиятка зыяны жок жаңыртылган кубаттуулук булактарын колдонууда. Бул тууралуу Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 22-сентябрда, “Жалпак күн коолекторлорун “Бишкектеплоэнерго” коммуналдык ишканасынын иш-объектиси менен таанышканда билдирди.

«Заманбап энергетиканын 80% ашыгы мунай, газ, көмүр, -жаңыртылган кубаттуулук булактарын колдонуудан түзүлөт. Бирок, дүйнөдөгү пайдалуу отун кен байлыктарынын  көлөмдөрүнүн азайып кетүүсүн жана келечекте керектүү энерго- муктаждыгын камсыздоону эске алсак, акыркы он жылда бүткүл дүйнөдө айрыкча жаңыртылган кубаттуулук булактарын колдонуу багыты чыңалып күч алууда. Жыл сайын күн кубаттуулугун колдонуу өсүп,  акыркы беш жылда 50% түзөт. Биздин өлкөбүз географиялык жактан ыңгайлуу шарттарга ээ болгондуктан, республикабыз күн энергиясын алууда өзгөчө потенциалы бар»,-деп баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев күн энергиясын иштеп чыгуу менен чогултууга кеткен баа жыл өткөн сайын төмөндөөрүн билдирди.

Аналитиктердин пикири боюнча, жакынкы 10 жылдыкта күн энергиясынын  соода жагдайы болуп, кийинки 10 жылдыкта өндүрүлгөн энергиянын көлөмү боюнча салттуу энергетикага айланат. Ушуну эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергия булактарын жаңыртуу жаатында алдыдагы долбоорлорду жигердүү колдоого алууга ниеттенүүдө.

«Модернизацияланган “Бишкек жылуулук энерго” мекемеси күн коллекторунда иштеген биринчи долбоор, энергиянын кайра жаралуучу булактарына, баардык жылуулук казандарга өтүү үчүн, баштапкы пункту катары кызмат кылат деп үмүттөнөм»-деди вице премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү