11
Октябрь
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам
Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы – айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инфраструктураларды түптөөдөгү маанилүү кадам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев «Кыргызцентрпродукт» ЖЧИ тарабынан курулган логистикалык борбордун ачылышында билдирди.
«Биздин өлкөнүн экономикасында айыл чарба маанилүү ролду ойнойт. Калктын 65% ашыгы айыл жеринде жашап, айыл чарба тармагында эмгектенет. Муну эске алуу менен Өкмөт айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруп, экспортко багытталган азыктарды колдоп, импортту алмаштыруучу ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө», - деди ал.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев заманбап айыл-чарбасы- азыктарды өндүрүү, өстүрүү, кайра иштетүү жана маркетинг боюнча салымдардан турган уюшулган система экендигин белгиледи.
«Чүй облусунда логистикалык борбордун ачылышы аймактагы дыйкандарга айыл-чарба азыктарын өстүрүп сорттоого, топтоп сатууга даярдоого, аларды сактоого жана аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Бул борбор Чүй облусунун дыйкандарына өсүмдүктөрүн өндүрүүнү жогорулатуу үчүн стимул болот жана айыл-чарба секторун өнүктүрүүгө салым кошуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы экспорту көбөйтүү жана сатууга жакшы жардам берерине ишенем», – деди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.
Маалымдама: Логистикалык борбор бир эле убакытта 4 200 тонна айыл-чарба азыктарын (картошка, сабиз, капуста, пияз) жууп, сорттоп сактай алат.
Ишкана заманбап үлгүдө курулуп, жергиликтүү азыктардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгуусуна шарт түзөт.
«Кыргызцентрпродукт» ЖЧИ Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун дыйкан-фермерлеринен айыл-чарба азыктарынын 6 түрүн сатып алууну пландаштыруда.
[su_carousel source="media: 105289,105290,105291,105292,105293,105294,105295" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү