26
Октябрь
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Заманбап өнөр жайлардын ачылышы – өлкөдөгү өнөр жай потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам
Заманбап өнөр жайлардын ачылышы - өлкөдөгү өнөр жай потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу узак мөөнөттүү насыя алган «Империал групп компани» бут кийим фабрикасынын расмий ачылыш аземинде билдирди.
"Жергиликтүү шартта өндүрүштүн бардык эл аралык талаптарга жооп берген - бул татаал милдет, аны «Империал групп компани» бут кийим комбинатынын негиздөөчүлөрү ийгиликтүү чече алышты. Мен компаниянын буюмдары ички жана тышкы рынокто суроо-талапка ээ болоруна ишенем. Бул үчүн бардык зарыл болгон өбөлгөлөр бар, анын ичинде заманбап жабдуулар, экологиялык таза материалдар, акыркы мода багыттарына жооп берип чыгарылган продукциянын кенен спектри”,- деп белгиледи ал.
Андан кийин вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, тиешелүү бардык эл аралык сапаттын стандарттарына ылайык “Тойбос” маркасындагы эт-азыктарынын продукциясын чыгарган «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген жаңы өндүрүштүк комплекстин ачылышына катышты.
“Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү - ар бир экономиканын абдан маанилүү компоненти. Муну эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет, улуттук экономиканын система түзүүчү тармактарынын бири болуп калууга тийиш. Мен «Империал групп компани» жана «Адал Азык» сыяктуу ишканалардын саны жылдан жылга өсүп, экономиканын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жаңы жумушчу орундарын түзүп, импорттолуучу буюмдарын алмаштырат деп үмүттөнөм”- деди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.
Маалымдама:
ЖЧК "Империал групп компани" – бул өндүрүш линиясында (Италия) роботторду жана санариптик технологияларды колдонгон, биринчи ички өндүрүштө бут кийимдерди даярдаган фабрика. Керектелүүчү жана колдонулуучу материалдар Россиядан, Италиядан, Түркиядан алынып, бардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле сапатына жана экологиялык коопсуздукка кепилдик берилет.
ЖЧК “Империал групп компани” өндүрүшүн өнүктүрүү максатында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 3,1 млн. АКШ доллар насыяга алган.
ЖЧК "Адал Азык" - бул “Тойбос” маркасында колбаса азыктарын чыгарган эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет.
ЖЧК "Адал Азык" өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу 67 млн сом өлчөмдө насыя алынган.
[su_carousel source="media: 106408,106409,106410,106411,106412,106413,106414,106415,106416" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү