20

Сентябрь

2017

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы бир катар айыл чарба объектилеринин курулушу жана учурдагы абалы менен таанышты

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, Баткен облусуна болгон жумуш сапанырын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы курулушу бүткөн аймактык биофабриканын имаратын  көрдү.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин алдындагы Кыргызагробиоборборунун директору Жаңыбай Туманов аталган объекти куруу иштери 2016-жылдын октябрь айында башталганын билдирди.

Бүгүнкү күндө баардык куруу иштери бүтүрүлгөн жана эксплуатацияга берүү процесстери жүрүп жатат.

Жаңыбай Тумановдун маалыматында аталган биофабрика жергиликтүү фермерлерди жана дыйкандарды айыл чарба азыктарына зыян келтирүучү оорулардан коргоо үчүн экологиялык таза дарылар менен камсыздайт.

Вице-премьер-министрге айыл чарба азыктарынын ооруларына жана зыян келтирүүчү заттарына каршы тажрыйбалуу биологиялык даарылардын үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Аталган лаборатория эл аралык стандарттарга ылайык болгон жаңы типтеги долбоор боюнча курулганын Жаңыбай Туманов билдирди.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев аталган объектини эксплуатация киргизгенден кийин биодарылардын өндүрүш көлөмүн, сапатын жана колдонууну көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болоорун белгиледи.

Андан кийин Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун Ветеринардык диагностика жана экспертизы борборунун курулуш иштери менен таанышты. Аталган объектинин курулуш иштери типтүү долбоор боюнча ушул жылдын июнь айында башталган.

Бүгүнкү күндө негизги лабораториялык корпусутун куруу иштери бүткөрүлүп жатат, баардык иштер Евразиялык экономикалык уюмунун талаптарына ылайык жүргүзүлүп жатат. Аталган борбор жаңы лабораториялык жабдуулар менен камсыз болот.

Вице-премьер-министр баардык куруу иштерин сапаттуу бүтүрүлүшүн жана үнөмдөлгөн каражаттарга аталган лаборатотриянын территориясына жаңы административдик имарат куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 103404,103405,103406,103407,103408,103409,103410,103411,103412,103413,103414" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү