19

Сентябрь

2017

Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусундагы шайлоо участкалык комиссияларынын материалдык-техникалык базасын сапаттуу камсыз кылууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү жана даярдоодо уюштуруу техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 19-сентябрда Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен облусу боюнча референдум жана шайлоо өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын координатору райондордун акимдери жана шаарлардын мэрлери учурдагы шайлоону өткөрүүнүн даярдыгы жөнүндө маалымат беришти.

Алардын айтуусунда, бардык шайлоо участкаларында тиешелүү даярдык иштери жүргүзүлгөн. Шайлоо участоктору керектүү техникалык каражаттар жана электр энергиясы менен камсыз кылынган, ошондой эле калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлгөн.

Жалпы облус боюнча 200 шайлоо участкасы каралган, баардык шайлоочулардын саны бүгүнкү күндө 245 868 адамды түзөт.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бардык шайлоо участкаларын сапаттуу интернет байланышы менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ал чек арага чектеш район жана анклавдардагы  жайгашкан шайлоо участокторуна  өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

" Жер-жерлерде болгон маселелерди жана кырдаалдарды жеринде өзүм чечейин дедим. Сиздерге ишендирип кетким келет республикалык штаб тарабынан шайлоо процессин талаптагыдай уюштурууга участкалык комиссияларына бардык керектүү жардам көрсөтүлөт” - деп белгиледи Дүйшөнбек Зилалиев.

Вице-премьер-министр алдыдагы иш-чаралардын өзгөчө маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан шайлоону уюштуруу боюнча талаптагыдай милдеттер коюлгандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу бардык ишке тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча баарын камтыган чараларды кабыл алууга тийиш.

Ошону менен бирге, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, ошондой эле Баткен облусунун  Кадамжай жана Баткен райондорунда кезексиз бардык шайлоо участкаларында болуп, жер-жерлерде кырдаалдар менен таанышты.

 [su_carousel source="media: 103396,103397" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү