16
Сентябрь
Өкмөт административдик ресурс колдонгон фактылар үчүн дароо жана чечкиндүү түрдө жоопко тартат
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, учурдагы мыйзамдардын чегинде Өкмөт административдик ресурстарын колдонгон фактылары үчүн дароо жана чечкиндүү түрдө жоопко тартат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүчү уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев маалымат жыйынында билдирди.
«2017-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда негизги маселелердин бири болуп 2017-жылдын 15-октябрында боло турган Президенттик шайлоо маселеси талкууланган.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар бир талапкер, мугалимдер, мектеп окуучулары жана студенттерди пайдаланган мамлекеттик кызмат адамдарына катуу тыюу салуу боюнча чараларды көрүүгө буйрук берилди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана коммуналдык уюмдардын жетекчилигин, мекемелер жана ишканалар, медициналык мекемелердин жана уюмдардын, анын ичинде бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин шайлоо алдындагы үгүт үчүн тартууга тыюу салынат», — деди ал.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев ошондой эле аткаруу бийлигиндеги кызмат ордундагы жарандарга, жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө тыюу салынганын билдирдирди.
«Биздин жаңы тарыхыбызда алгачкы жолу бийликти тынчтык жолу менен тапшырып берүү болуп жатат. Ошондуктан биз бул жолку шайлоонун таза өтүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өлкөнүн Өкмөтүнүн алдына – алдыдагы шайлоонун таза жана ачык өтүшүн камсыздоо милдети жүктөлгөн», — деди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.
[su_carousel source="media: 103278,103279,103280,103281,103282" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү