31

Август

2017

Вице-премьер-министр Дуйшөнбек Зилалиев Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш чарага катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы борбордук аянтта өткөн Эгемендүүлүктүк 26 жылдыгына арналган майрамдык иш чарага катышты.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жалал-Абад шаарындагы жана жалпы облустаргы жергиликтүү тургандарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

«Мындан туура 26 жыл мурда өлкөнүн тарыхында маанилүү окуя болуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы тууралуу декларация кабыл алынган. Жаш мамлекетибизде бул жылдар аралыгында бир топ эле демократиялк окуялар болуп өттү. Көптөгөн кыйынчлыктарга карабастан биз өлкөнүн бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактап кала алды. Аны менен бирге мамлекет үчүн маанилүү болгон көп маселелер чечилип, өлкө өнүгүүгө карай багыт алды», — деди ал.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтү бекитилгенин баса белгиледи.

 «Экономикалык өнүгүү жолундагы бир катар социалдык жана утурумдук көйгөйлөрдү чечүү максатында 5 жылга ылайыкталган “Жаңы доорго-кырк кадам” Өкмөттүн программасы кабыл алынды. Көрсөтүлгөн программа заманбап өнүгүү жолундагы бардык багыттарды өзүнө камтыйт. Азыр бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары “Жаңы доорго-кырк кадам” программасын ишке ашыруунун үстүнөн иштеши керек. Мен ишенем, биз биргеликте улуттук кызыкчылыктарды бийик койгон, адамдардык бакубат жашоосуна багытталган көптөгөн ийгиликтерге жетише алабыз», —деди Дүйшөнбек Зилалиев.

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү