07
Сентябрь
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Бүгүнкү күндөн тартып «Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кайрадан ишке кирди
Бүгүнкү күндөн тартып «Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекети жөнөкөйлөтүлгөн тартипте суткалык нөөмөттө кайрадан ишке кирди. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнөкөйлөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 6-сентябрда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бүгүнкү күндөн тартып «Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекетинин кайрадан ишке кирүү салтанатында билдирди.
«Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекети суткалык нөөмөттө кайрадан ишке кириши – кыргыз-өзбек элини тарыхында маанилүү окуя болуп саналат. Бул окуя эки өлкө ортосундагы көп тармактуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жакшы дем берет. 2010-жылдан баштап Достук-автодорожный» көзөмөл өткөрүү бекети белгилүү бир сааттарда гана иштеп, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү жарандар үчүн, чакыруу же телефонограмма сыяктуу бир катар документтер талап кылынган. Эми эки элдин жарандары көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу эч кандай кошумча документсиз өтө алышат», – деди ал.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев чек араны ачуу боюнча болуп өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынгандыгын баса белгиледи.
2017-жылдын 5-6 сентябрында Кыргызстанга Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик визит менен келип кетти.
Ошондой эле Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында «Жергиликтүү бирикмелердин күчү жана биримдиги – мамлекеттик негизги өнүгүүсү» атуу семинарга катышып, Ош облусунун аймагында жайгашкан бир катар инфраструктуралык объекттер менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү