12

Ноябрь

2015

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева: «Өлкөдө дары-дармектердин баасын, калктын социалдык абалына ылайыктуу кылып өзгөртүү зарыл»

Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева эң маанилүү дары-дармектерге болгон баа саясатын жөнгө салуу боюнча өткөн жыйынга катышты.

КР Вице-премьер-министринин айтымында, жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча жарандардын ден-соолугун жакшыртууга корогон каражаттын 60% дары сатып алууга сарпталууда.  Дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү жана бул багытта маалымат технологиясын өнүктүрүү төмөн болуп жатат. Мындан улам, бир эле дарыгер баалар ар башка аймактарда ар кандай болуп жатат.

КР Өкмөтүнүн 2010-жылга чейин программасынын алкагында азыркы көйгөйдү чечүү, биринчи кезекте мамлекеттин таасири астында сатып алууларды максималдуу түрдө мыйзамдаштыруу жана таза өткөрүү каралган.

Эскерте кетсек, КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык дары-дармектердин толук даректүү базасын түзүү боюнча концепция бекитилген.

                                                                     КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү