07

Май

2016

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева «Issyk-Kul ITF 2016» эл аралык көргөзмө жарманкесинин ишине катышууда

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 7-майда, «Issyk-Kul ITF 2016» эл аралык көргөзмө жарманкесинин ишине катышууда.

«Кыргызстанда туризм тармагы экономиканын келечектүү тармагы болуп саналат. Кыргызстан – бийик тоолорго жана көз тайгылткан жаратылышка, таза аба жана мелүүн аба-ырайына ээ аймак катары белгилүү», - деп белгиледи өз сөзүндө Гүлмира Кудайбердиева.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Өкмөт тарабынан туризм тармагындагы заманбап тенденцияларды жана атамекендик туристтик индустриянын учурдагы абалын эске алган туризмди өнүктүрүү боюнча программа бекитилген.

Өкмөттүн максаты – туризмди өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүү. Аталган максатка жетишүү иретинде Өкмөт тараптан иштелип чыккан Программанын алкагында инвестицияларды тартуу, ар-кыл маркетингдик иш-чараларды өткөрүү, өлкөгө келген ар-бир туристтин коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар кабыл алынат.

Гүлмира Кудайбердиева белгилегендей, быйылкы жылдын маанилүү окуясы катары Ысык-Көл жээгинде 3-9-сентябрда өтүүчү «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун» өткөрүлүшү саналат.

Оюндарга 40 өлкөдөн 2000 спортчу, миллиарддан ашуун аудиторияны камтыган 60 ашуун өлкөдөн ММК өкүлдөрү келет. Аталган иш-чаранын ачылышына «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна» катышуучу өлкөлөрдүн жетекчилери, белгилүү маданият, билим берүү жана спорт ишмерлери чакырылган.

«2014-жылы мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин калкасы астында Ысык-Көл жээгинде ийгиликтүү өткөрүлгөн  «II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну» Кыргызстандын визиттик картасы болуп калды. Экинчи оюндар да маданияттын жана спорттун чоң майрамы болооруна ишеним билдиребиз», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле вице-премьер-министр  Google компаниясынын Street view долбоорунун бетачарына (Кыргыз Республикасынын көчөлөрүн Googl картасы аркылуу кароо) катышты.

«Биз аталган долбоордун ишке ашуусу аркылуу чет элдик туристтер жана өлкө тургундары Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы менен жакындан таанышууга мүмкүндүк алышына кубанычтабыз»,- деди вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү