21

Сентябрь

2016

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Кыргызстанда Стамбул протоколун алга жылдыруу боюнча эл аралык конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасында Стамбул протоколун алга жылдыруу боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Кыргыз Республикасынын калкасы астында “Стамбул протоколун ишке ашыруу: аймактык тажрыйбаны натыйжалуу иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кыйноолорду документтештирүүнү эл аралык ченемдерге трансформациялоо” аталышында эл аралык конференция өтүүдө.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева өз сөзүндө белгилегендей, Кыргызстанда кыйноолорго жол бербөө конституциялык принцип катары кабылданат. Учурда Кыргызстанда кыйноолорго каршы туруу боюнча укуктук аракеттерди жакшыртуу жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чоң иштер аткарылды.

«Биздин мамлекет 1995-жылы Жарандык жана саясый укуктар жөнүндө жана Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пактыга кошулуу менен адам укугун жогорку баалуулук катары аныктаган. Белгилей кетүүчү нерсе, 2015-жылдын октябрь айындагы БУУ Башкы Ассамблеясынын чечими биздин өлкө үчүн маанилүү орунда турат. Кыргызстан БУУ адам укугу боюнча кеңешинин мүчөсү болду. Кыргызстан бул багытта эл аралык деңгээлде активдүү иш алып барууда. Өлкөбүз бүгүнкү күндө БУУ алкагындагы адам укугу жөнүндө бардык эл аралык келишимдерге кошулган», - деп белгиледи Гүлмира Кудайбердиева.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, актуалдуу маселелердин Бишкекте талкууланышын эске алуу менен Стамбул протоколундагы камтылган баалуулуктар абдан маанилүү. Бишкекте иштелип чыккан сунуштамалар Стамбул протоколун жаңылоого пайдаланылышы мүмкүн.

Ошондой эле өз видео-кайрылуусунда кыйноолор жана катаал мамиле жана жазалоо түрлөрү боюнча БУУ атайы баяндамачысы Хуан Мендес Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашырган бир катар маанилүү кадамдарды белгиледи. Анын айтымында, алардын катарында маморгандар, адам укугу боюнча уюмдар жана эл аралык коомчулук ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү үчүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө көп тараптуу меморандумга кол коюулушу, ошондой эле Кыргызстанда 2014-жылы ишин баштаган улуттук превентивдик механизмдин түзүлүшүн атады.

«Мен Кыргызстан кыйноолорго жана катаал мамилелерге жол бербөө саясатын жарыялагандыгын, ал аркылуу өзүнүн колдоосун билдирүүсүн жактоого алам. Мунун бардыгы акырындык менен Кыргызстанды кыйноолорду жоюусуна алып келүүдө», - деди Хуан Мендес.

Хуан Мендес белгилегендей, Кыргызстан жана Тажикстандын БУУ атайы баяндамачылары жана башка механизмдери менен баарлашууга жана иш алып барууга болгон даярдыгы Борбор Азия жана башка мамлекеттерге үлгү болуп бере алат.

Бүгүнкү Стамбул протоколу боюнча жыйын алкагында жарандык коомчулук жана эл аралык уюмдардын биргелешкен кызматташтыгы Өкмөттөргө алардын милдеттенмелерин аткарууда жана эл аралык ченем жана тажрыйба ортосундагы айырмачылыкты жоюуда көмөк көрсөтүүдө чоң роль ойнойт.

Кыйноолор жана катаал мамиле жана жазалоо түрлөрү боюнча БУУ атайы баяндамачысы Хуан Мендес белгилегндей, Стамбул протоколу кыйноолорду натыйжалуу иликтөөгө ачкыч катары кызмат кылып жана бул багытта эл аралык таанылган стандарттарды орнотууга мүмкүндүк берет. Бул жыйын Стамбул протоколун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга жана ал боюнча иш аракет планын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү