29

Февраль

2016

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Женевада БУУ Адам укугу боюнча кеңешинин сессиясына катышат

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Женевада БУУ Адам укугу боюнча кеңешинин 31-сессиясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстан үчүн аталган иш-чара Кеңештин жаңы мүчөсү катары алгачкысы болуп саналат. Кыргыз Республикасы Кеңештин 2016-2018-жылдар аралыгындагы мүчөлүгүнө Нью-Йорк шаарында 2015-жылдын 28-октябрында өткөн БУУ Генералдык Ассамблеясынын 70-сессиясынын алкагында шайланган.

Келерки сессия Кеңештин уюшулганына - 10 жыл, Эл аралык жарандык жана саясый укуктар жөнүндө пактынын жана Эл аралык экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу пактынын кабыл алынышына жарым кылым толушу, ошондой эле 2030-жылга дейре өнүгүү жаатындагы глобалдык Күн тартипти ишке ашыруунун башталышы  сыяктуу окуялар менен коштолмокчу.

Сессиянын жүрүшүндө адам укугунун актуалдуу маселелери каралат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү