30

Июль

2015

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Премьер-министр Исламга каршы эмес, кыргыз элинин салт-санаасын сакталышы үчүн аракет көрүүдө»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев салттуу исламды жана анын тутунгандарды колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев  билдирди.

«Премьер-министр айрым адамдар исламды жамынуу менен бизге-кыргыз элине жат келген салт-санаа, үрп-адат жана кийим-кечени таңуулап жатканын айткан. Мунун менен катар Темир Сариев динге жаманып диний-экстремисстик аракет жүргүзгөн уюмдардын катарына кошулуп кеткен жаштарга байланыштуу чочулоосун билдирген»-деди Абдырахман Маматалиев.

Буга байланыштуу Темир Сариев окумуштуулар жана диний ишмерлерди эл арасында салттуу исламдын баалуулуктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырганын вице-премьер-министр кошумчалады.

Ошондой эле Абдырахман Маматалиев, кыргыздардын улуттук кийимдери элибиздин маданиятынын негизги бөлүгү болгонун белгилеп, аны кылымдардан бери сакталып келген  салт-саанасы, үрп-адаты менен бирдей мааниге ээ экенин билдирди. Бул кийим маданияты климаттык шарттарга гана байланыштуу эмес, кыргыздардын жашоо образына айкалышып калыптанган.

“Биз баарыбыз өз тарыхыбыз, салт-санаабыз жана маданиятыбызды унутпай, барктап-баалашыбыз керек”-деп кошумчалады Абдырахман Маматалиев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү