26
Август
КР Вице-премьер-министри Ж.Разаков: Кыргызстандын төрт жаранынын кармалышы боюнча фактыга байланыштуу кырдаал, жалпы чек ара боюнча маселелер өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат
Кыргызстандын төрт жаранынын кармалышы боюнча фактыга байланыштуу кырдаал, жалпы чек ара боюнча маселелер өлкө жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Үңкүр-Тоо боюнча Кыргызстандын позициясы белгилүү – аталган тилке макулдашылган эмес. Мындан улам бизге коңшу Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда», - деп белгиледи вице-премьер министр.
Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу түзүмдөрү азыркы учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады. «Кыргызстандын кармалган төрт жаранынын жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышып жатабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Жеңиш Разаков.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү