14

Июль

2015

Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапар менен барды

Бүгүн, 14-июлда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облусунун Жумгал районуна иш сапар менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр райондогу бир катар айылдардын мектептеринин абалы менен таанышып,  аймактагы орчундуу маселелерди талкуулоо жана чечүү максатында облустун тургундары менен жолугат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү