29
Август
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Москва шаарындагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктарды барып көрдү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 29-августта, Москва шаарындагы басмаканадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктарды барып көрдү, алар учурда Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык жана Склифосовский атындагы ооруканаларда дарыланууда.
Жабыркагандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык көмөк көрсөтүлдү.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, каза болгондордун туугандарына, жакындарына жардам берүү боюнча өкмөттүк штабдын жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева 2016-жылдын 28-августунан тарта Москва шаарында жүрөт.
Штаб кечээ, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун чечими менен түзүлгөн.
Мындан мурдараак Кыргыз Республикасынын ТИМи Москванын медициналык мекемелерине жеткирилген жабыркагандардын тизмесин жарыялаган:
1. Калбай кызы Кызбурак,
2.Кадыржанов Нурмухамед Абдулазизович,
3. Исраил уулу Уларбек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү