16

Май

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Ишкерлер 2017-жылдын 12-августунда ЕАЭБ техникалык регламенттери күчүнө кирерин түшүнүшү керек

«Ишкерлер 2017-жылдын 12-августунда биздин регламенттер  күчүн жоготуп, ЕАЭБ техникалык регламенттери күчүнө кирерин түшүнүшү керек», — деди Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри Олег Панкратов  бүгүн, 16-майда, 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган БС/ЕАЭБ 18 техникалык регламентинин мазмуну тууралуу калкка маалымат жеткирүү боюнча маалымат жыйында.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, 2017-жылдын 12-августунда БС/ЕАЭБ техникалык регламенттери гана күчүнө кирет.

«Буга байланыштуу ишкер ага карата колдонулган жана бул арызды каттоо үчүн шайкештикти баалоо боюнча органдарды аныктоо стандарттар менен таанышып, техникалык регламенттерди каттоого кайрылышы керек. Бул техникалык жөнгө салуу принциби. Бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагындагы ЕАЭБ техникалык регламенттери экспортерлорго эч кандай таасирин тийгизбейт. Күчүнө кире турган техникалык регламенттер негизинен азык түлүк чыгарган жана тигүү товарларын өндүрүүчүлөргө тиешелүү. 2017-жылдын 12-августунда 18 техрегламент иштей баштайт, калган бирөө 2019-жылы күчүнө кирет. Техрегламенттердин көпчүлүк бөлүгү ушул жылдын август айында күчүнө кирет», — деди Олег Панкратов.

Вице-премьер-министр 2017-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кире турган БС/ЕАЭБ техрегламенттерине ылайык буга чейин товардын шайкештигин баалоо талаптары 2017-жылдын 12-августуна чейин жарактуу болот.

Продукциялардын шайкештикти баалоо боюнча  улуттук мыйзамдарга дал келе турган  талаптары, сертификаттары жана талапка жооп бере турган баалоолор эки жыл аралыгында, 2019-жылдан 12-августуна чейин жарактуу.

«Ички рынокко өз продукцияларын алып чыгууну каалаган ишкерлер 2017-жылдын 12-августунан баштап улуттук деңгээлдеги техрегламентти аткарышы керек», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

[su_carousel source="media: 94825,94821" limit="60" link="image" title="no"][su_custom_gallery source="media: 94757"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү