25
Январь
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Мамлекеттик соттук экспертиза борбору сот-экспертик ишмердүүлүгүн реформалоонун базалык борбору эсептелет
Мамлекеттик соттук экспертиза борбору сот-экспертик ишмердүүлүгүн реформалоонун базалык борбору эсептелет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди.
«Бүгүнкү күндө Мамлекеттик соттук экспертиза борбору республикадагы жалгыз көзкарандысыз адистештирилген мекеме болуп саналат. Борбордун негизги милдети укук коргоо жана сот органдарын кылмыш жана жарандык иштерди кароодо далилдер менен камсыздоо үчүн криминалистика жана соттук экспертиза жаатында практикалык жана илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү болуп эсептелет», - деп белгиледи Олег Панкратов.
Ал өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан укук коргоо органдарын реформалоодо жүргүзүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттардын бири катары өлкөдөгү сот-эксперттик ишмердүүлүгүн модернизациялоо болуп саналат.
«Ишке ашырылып жаткан реформа сот-эксперттик ишмердүүлүгүн жакшыртууга, комплекстүү иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ал өз кезегинде ишти иликтөө жана кароо процессинде экспертизанын маанисин жогорулатып, коомдун демократияланышына, жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого шарт түзөт», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Белгилесек, бүгүнкү күнгө дейре Мамлекеттик орган кызматкерлери кыйын шартта иштеп келишкен, анткени мурдагы имарат авариялык абалда деп таанылган.
Маалымдама: Соттук экспертизанын жалгыз илимий-иликтөө лабораториясы 1963-жылдын 4-июнунда негизделген, 1999-жылы ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борбору болуп түзүлгөн.
[su_carousel source="media: 88874,88875,88876,88877,88878,88879,88880,88881,88882,88883,88884"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү