29

Ноябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жана Франция Сенатынын «Франция–Кыргызстан» Достук тобунун төрагасы Ив Поццо Ди Борго кыргыз-француз кызматташтыгынын келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Франция Сенатынын «Франция–Кыргызстан» Достук тобунун төрагасы Ив Поццо Ди Борго кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Жолугушуу кечээ, Париж шаарында вице-премьер-министр Олег Панкратов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Францияга болгон сапарынын учурунда орун алды. Делегация Евразия өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун программасынын Евразиялык жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформалардын жүрүшүнүн финалдык обзоруна катышты.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык абалды жакшыртууга, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу режимдүү түзүүгө, кыргыз экономикасынын стратегиялык тармактарына инвестиция тартууга багытталган реформалары тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан Франция менен соода, инновациялык технологиялар, айыл чарбасы, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм багыттары боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз-ара аракеттешүүчү көптөгөн тармактар бар экендигине ишенем», — деди ал.

Жолугушуунун соңунда 2017-жылдын биринчи жарымында Франция Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймактарынын экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча конференция уюштуруу тууралуу келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү