25

Январь

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ар-бир кадамы шаардыктар жана ЖМК үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу керек

Муниципалитеттин жана анын түзүмдүк подразделениелеринин ар-бир кадамы шаардыктар жана жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 25-январда, Бишкек шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында билдирди. Коллегияда 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2017-жылга карай планы бекитилди.

Коллегиялык жыйын 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи Су айылында орун алган «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, 2016-жылы борбор оңдуу көрсөткүчтөргө жетише алды.

«Алсак, өнөр-жай тармагында 31 млрд сомдон ашуун көлөмдөгү пролукция өндүрүлгөн, бул өткөн жылга салышытырмалуу 9,5 % жогору саналат, рыноктук тейлөө көлөмү 4,9 %га жогорулаган, курулуш продукциясынын дүң көлөмү 45,6 %га өскөн.

Негизги металлдарды жана металл буюмдарын өндүрүү, азык-түлүк продуктуларын, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү темпи кескин жогрулаган. Бишкек шаарынын бир катар тармактарында оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда» – деди Олег Панкратов.

Буга катар шаардык деңгээлде көптөгөн маанилүү көйгөйлөр чечилбей калды.

«Бирден-бир маанилүү милдет – болжолдорго ылайык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктарды жана төлөмдөрдү чогултууну толук көлөмдө камсыздоо. Колдогу резервдерди пайдалануу натыйжалуулугу боюнча ишти талдоо керек. Кирешелерди жашыруу жана салык суммасын төмөндөтүү фактыларына каршы күрөшүүнү күчөтүү зарыл. Салык тармагындагы кабыл алынган чаралар салык базасын кеңейтүүгө, чогултулган салык көлөмүн жогорулатууга жана башкарууну күчтөндүрүүгө, котрабандалык товарларга бөгөт коюу жана өз маалында төлөнбөгөн салыктарды кыскартууга багытталышы кажет», - деди вице-премьер-министр.

Өзгөчө көңүлдү вице-премьер-министр Олег Панкратов шаардын тышкы көрүнүшүнө жана шаар куруу маселесин жөнгө салуу зарылдыгына бурду.

«Шаардын автомагистралдарын - тыгындар, башаламан унаа кыймылы, унаа токтотуулар, жол белгилеринин жетишсиздигин тартипке келтирүү керек. Коомдук шаар транспортунун көйгөйүн муниципалдык транспортту өнүктүрүү жолу аркылуу чечүүгө активдүү киришүү зарыл. Бул максатта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин пайдалануу керек. Өзгөчө басым билим берүү тармагынын көйгөйүнө – мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетишсиздигине жасалышы тийиш. Турак-жай коммуналдык чарба тармагында жылытуу сезонун аяктап жана 2017-2018-жылкы жылытуу мезгилине өз маалында даярдыкка киришүү керек», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, 2017-жылга карата мэрия алдында күтүүсүз чечимдерди талап кылган милдеттер турат.

«Көйгөйлөрдү чечүүдөгү конкреттүүжыйынтыктар шаар мэринин жана муниципалдык администрация башчыларынын ишмердүүлүгүнө шаар туругундары жана республика жетекчилиги тараптан баа берүүдөгү негизги критерийлердин бири болуп саналат», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү