08
Апрель
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Кыргызстан Австрия менен болгон эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө чоң маани берет
Кыргыз Республикасы Австрия Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсунө чоң маани берет, — деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панктратов Австрия Республикасынын ишкерлер тобунун өкүлдөрү менен жолукканда.
«Кыргыз Республикасы үчүн австриянын ири компанияларынын өкүлдөрүнөн турган ишкерлер тобунун келиши – маанилүү окуя. Эки тарап тең мүмкүн болгон кызматташуу алакаларын толук колдонбогонун эске алуу менен, дагы да терең алакада болуунун түрдүү жолдорун издесек жана аны иш жүзүнө ашырсак болот. 2016-жылы эки өлкө ортосунда товар алмашуунун көлөмү 8 млн АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүчтү мындан ары да көтөрүүгө бардык тиешелүү болгон укуктук базалар жана мүмкүнчүлүктөр бар», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Австрия Республикасынын экономика федералдык палатасынын өкүлү Михаэль Ангерер австриялык бизнесмендер өздөрүнүн кыргыз кесиптештери менен узак мөөнөттүү байланышты бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.
«Бул багытта биринчи кадам жасалды. Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду менен Австрия текшерүү банкынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Мен ишенем бул аракет эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилени чыңдоого шарт түзөт. Австриянын айыл чарба, гидроэнергетика, машина куруу, туризм тармагындагы чоң тажрыйбасын эске алуу менен ушул тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга жана бул багытта кызматташууга даярбыз», — деп жыйынтыктады ал.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов жолугушууга Кыргыз Республикасынын эң негизги делген министрликтеринин өкүлдөрү катышып жатканын, жана мындан аркы кызматташуу тууралуу талкуулоого даяр экенин кошумчалады.
«Эки элдин кызматташуусун көздөгөн бүгүнкү жолугушуу мындан аркы мамилелерди тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташууга жакшы өбөлгө болот деп ишенем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул жаатта дайыма кызматташууга ачык жана керектүү колдоо көрсөтүүго даяр», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү