21

Сентябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Кыргызстан жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму биргелешкен ишти улантууда

Кыргызстан жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму биргелешкен ишти улантууда. Бул туурасында жолугушуу жыйынтыгында КР вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Глобалдык мамилелер катчылыгынын Евразия боюнча бөлүгүнүн начальниги Уильям Томпсон макулдашты.

«Кыргыз Республикасы жана Европалык биримдик ортосундагы кызматташтык чоң тарыхка жана жагымдуу тажрыйбага ээ. Алсак, 2013-жылы ЭКӨУ жана GIZ эксперттеринин көмөктөшүүсүндө өлкөнүн экономикалык мүмкүндүгүн өнүктүрүүдө оңдуу ролду ойногон бир ктар актуалдуу багыттар боюнча сунуштамалар иштелип чыккан. Кеп «Складские свидетельства» финансылык инструментин киргизүү аркылуу агробизнес сектору үчүн каражатка жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, тигүү тармагы үчүн инвестицияларды жана сооданы алга жылдыруу, өндүрүштүк окутууну өнүктүрүү аркылуу агробизнес сектору үчүн адамдык капиталды өнүктүрүү тууралуужүрүүдө. Биздин интеграциялык процесстерде активдүү катышуубузду эске алуу менен Европалык биримдик өлкөлөрү бөлүшүп жаткан тажрыйбалар жана малыматтар биз үчүн маанилүү», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

ЭКӨУ төрагасы Уильям Томпсон белгилегендей, Европалык биримдиктин түзүмү Кыргызстан менен өз ара кызматташууга даяр.

«Биздин эксперттер иштеп чыккан сунуштамалар агрардык жана тигүү өнөр жай тармагындагы түзүмдүк башкаруу процессиндеги тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Мындан улам экономиканын аталган тармактарында көпчүлүк жарандар иштеп, үй бүлөлөрүн камсыздап жатат, биз иштелип чыккан сунуштамалардын турмушка ашуусуна чоң маани беребиз. Иштин жыйынтыгы өзүн актап, пайда алып келерине үмүт артам», - деди  Уильям Томпсон.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы Борбор Азияда ЭКӨУ демилегесине тең төрага болуудагы тандоонун келечегин, улуттук экономиканы реформалоодо өз ара тажырыйба алмашуу, Борбор Азиядагы башка өнөктөш өлкөлөр менен улуттук экономиканын кызыкчылыгында атаандаштыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуудан соң вице-премьер-министр Олега Панкратовдун жетекчилиги астында Байкоочу кеңештин  «Инвестиция жана Борбор Азия - II Фаза атаандаштыкка жөндөмү»  долбоорун ишке ашыруу боюнча  жыйын өттү. Белгилей кетсек, аталган долбоорду Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (ЭКӨУ) жана Герман эл  аралык кызматташтык коому ишке ашыруусу каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү