07

Февраль

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен интеграцияны ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар

Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовдун жана Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчилигинин катышуусунда « Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүгүнүн учурдагы абалы жана келечеги» темасындагы басма сөз жыйыны болуп өттү.

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча 2016-жылкы алдын-ала жыйынтыктарды чыгарды.

«2015-2016-жылдары биздин аймакта негизги слоода өнөктөш мамлекеттердеги мунайга баалардын төмөндөшүнө жана валюталардын девальвациясына байланыштуу турбуленттик экономикалык процесстер болгон, бул Кыргызстандын экономикасына да өз таасирин тийгизип турган. Жалпысынан, жыл татаал болду, анткени экономика өзгөрүүлөргө тушукту. Мында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги ар-бир кризис Кыргызстандын экономикалык абалына таасирин тийгизерин эске алуубуз керек. Бул кыргыз экономикасынын өнүгүүсүнө таасир эткен негизги тренд болуп саналат. Бирок белглей кетчү нерсе, бул процесстердин таасирине карабастан, жалпысынан биздин негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр оптимисттүү болду жана 2017-жылы бул көрүнүш сакталаарына ишеним билдиребиз», — деди Олег Панкратов.

Вице-премьер-министр тышкы соодага тийиштүү билдиргендей, 2016-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүү көлөмү январь–ноябрь айында 4 млрд 879 млн АКШ долларын түзүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,5%га кыскарган. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттер менен соода 1 млрд 743 млн АКШ долларын түзүп, кыскаруу 16,7%га барабар болгон. Мында экспорт – 8,1 %га, импорт 18,5 %га кыскарган. Экспорттун эки эсе кыскаруусунда импорттун кыскаруу көлөмүн жакшы тенденция катары карасак болот. Анткени ал соода сальдосуна оңдуу таасирин тийгизет. Айырмасы Кыргызстан экономикасынын пайдасына алып келет.

Басма сөз жыйыныны жүрүшүндө вице-премьер-министр Олег Панкратов жана башка катышуучулар унификацияланган темир жол тарифи, Кыргызстандын продукциясын Россияга транзиттөө, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо жана башка суроолор боюнча ЖМК өкүлдөрүнөн түшкөн суроолорго жооп берди.

Алсак, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директору Калысбек Жумакановдун айтымында, 2017-жылы бюджетке ЕАЭБ алкагында 4 жаңы аймактык лабораторияны курууга жана 12 район аралык лабораторияларды оңдоого 190 млн сом салынган. Мындан тышкары, Кыргызстанда малдарды идентификациялоо иши башталды. Бүгүнкү күнгө карата 29 миң баш мал идентификацияланган. 1-августка карата ири малды идентификациялоо жыйынтыкталып, андан соң майда мал жандыктарды жана жылкыларды идентификациялоо иши башталмакчы.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Өкмөт тараптан атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алуу максатында жасалып жаткан оңдуу көрүнүштөрдү атады, атап айтканда «Айыл чарбасын каржылоо — 5» долбоорун атады. Анын айтымында, мал-чарбачылыкка кредиттер - 10% үстөк менен 18 айга, өсүмдүк өстүрүүгө - 10% үстөк менен 24 айга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 6 % үстөк менен 36 айга дейре берүү каралууда. Бул атамекендик ишкерлерди колдоо үчүн жасалууда.

[su_carousel source="media: 89614,89612,89613,89610,89611" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү