27
Июль
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: «Cпутник-шаар» долбоорун ишке ашырууга кызыкдар инвесторлор менен ишти күчөтүү зарыл
«Cпутник-шаар» долбоорун ишке ашырууга кызыкдар инвесторлор менен ишти күчөтүү зарыл. Бул туурасында бүгүн, 27-июлда, «Бишкек шаарынын спутник-шаары» долбоорунун алкагында жеткиликтүү турак-жай куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.
«Спутник-шаарды Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда. Бул максатта 30 га жер аянты бөлүнгөн, ал аймакка көп кабаттуу үйлөр жана бала-бакча, мектеп, поликлиника сыяктуу тийиштүү инфраструктура объекттери курулат», – деди ал.
Аны менен бирге вице-премьер-министр долбоорго тартылган мамлекеттик жана административдик органдардын уюшкан иши зарылдыгын белгиледи.
«Бул долбоор социалдык мааниге ээ. Аталган долбоордун ишке ашуусу менен көптөгөн жарандар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша спутник-шаарда бардык шарттагы турак-жайга ээ болот. Муну эске алуу менен, долбоордун болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн потенциалдуу инвесторлор менен болгон ишти күчөтүү, спутник шаарчасынын курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгуу зарыл», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү