01

Сентябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: «Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн толук кандуу ишин баштоосу керек

«Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн толук кандуу ишин баштоосу керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 1-сентябрда, «Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК ишмердүүлүгү маселесине тийиштүү өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

«Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2016-жылдын 18-августундагы буйругу менен мекеменин уставы бекитилген. Кичи жана орто бизнес кепилдик фондуна чоң үмүттөрдү артып жаткандыгын эске алуу менен аны юстиция органдарында каттоо жана уставдык капиталды уюштуруу боюнча ишти тездетүү зарыл. «Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК үстүбүздөгү жылы өзүнүн толук кандуу ишин баштоосу керек. Ишкерлер өз өндүрүшүн өнүктүрүүдө Өкмөттөн реалдуу жардам күтүүдө жана биз аларга иш жүзүндө көмөк көрсөтүүбүз шарт», - деди ал.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратов Эконмика министрлигине, Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна «Мамлекеттик кепилдик фонду» ААК ишмердүүлүгүн жакын арада баштоого мүмкүндүк берүүчү уюштуруучу, юридикалык, финансылык жана башка маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү