02

Июнь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорттун өсүү темпи жогорулап, 128,6 % түздү

«2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорттун өсүү темпи жогорулап, 128,6 % түздү», - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Уфа шаарында V кыргыз-россиялык аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйынынын катышуучуларына кайрылууда. «Жалпыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасын жана Россия Федерациясын байыркы тарыхый жана достук байланыштар бириктирип турат жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү, бардык тармактардагы тыгыз байланыштарды чыңдоого ишенимдүү пайдубал түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын облустары жана Россия Федерациясынын субьектилери аралык баарлашууну чыңдоого чоң маани берет жана биргелешкен иштин келечегин активдүү талкуулоого даяр», - деп белгилеген ал, эки өлкө ортосундагы аймак аралык кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүп бара жаткандыгын белгиледи. «2015-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 1,4 млрд АКШ долларын түзүп, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен экспорттук-импорттук операцияларынын жалпы көлөмүнүн 24,9% түзгөн. Буга катар 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына экспорттун өсүү темпи жогорулап, 128,6 % түздү. Россиялык инвестициялардын саны эки эсеге жогорулап, 118,2 млн долларды түзгөн», - деди О.Панкратов. Вице-премьер-министр Олег Панкратов конференциянын катышуучуларына кайрылып жатып, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуу аралыгында Россия Федерациясы биздин мамлекетке ар тараптуу колдоо көрсөттү. Мындан сырткары ЕАЭБдин шарттарына көнүп кетүү үчүн, атамекендик бизнести колдоо максатында Россия-Кыргыз  өнүктүрүү фонду түзүлдү», - деди ал. V кыргыз-россия аймактык жыйында кыргыз тараптын делегация башчысы эки тараптын интеграциялык карым-катышы, өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнүгүүгө жол ачып, дүйнөлүк экономикадагы кризистик абалды жана негативдүү тенденцияларды кыскартууга шарт түзөрүн баса белгиледи. "Биз жакынкы аралыкта биримдиктин реалдуу жыйынтыктарын жана эки тараптуу мамилелердин бекемделишин сезерибизге ишенем. Бул жагдайдан алып караганда Башкортостан Республикасы менен биздин өлкөлөрдүн элин  жалпы тарыхы жана маданияты  бириктирип турары көңүл бурууга арзыйт.  Акыркы жылдары биздин ишкерлер ортосунда кызматташууда туруктуу өнүгүү жана тыгыз байланыш бекемделди. Бул багытта өнүгүү мындан ары да күч аларына ишенем", - деди О.Панкратов.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү