19
Сентябрь
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби 17 максатты камтыйт
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 19-сентябрда, Туруктуу өнүгүү максаттарын мониторингдөөнүн улуттук тутумун киргизүү боюнча эл аралык жыйында билдирди.
«Бүгүнкү жыйын – туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүнүн ар-кыл аспектилерин талкуулоо боюнча учурда өтүп жаткан жана келечекте өткөрүлчү иш-чаралардагы маанилүү звено. Бул саясат чараларын иштеп чыгуу, ишке ашыруу, милдет-максаттарды, индикаторлорду аныктоо, анын ишке ашырылышын жана жарандык коом, эл аралык уюмдар жана донорлор менен өнөктөштүгүн мониторингдөө болуп саналат», – деди ал.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, учурда 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин ишке ашыруу боюнча иш аткарылууда, анда 17 максат камтылган.
«Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарынын түзүлүшүнө өз салымын кошууда. Биздин мамлекет улуттук артыкчылыктарды жана өнүгүү өзөчөлүктөрдү эске алуу менен Туруктуу өнүгүүнүн күн тартибин жакктагандыгы тууралуу бир нече ирет билдирген», - деди баяндамачы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү