31

Август

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Чүй облусунун тургундарын Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Кант шаарында  өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык салтанатка катышты.

«Мындан туура 25 жыл мурда, 1991-жылдын 31-августтунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны кабыл алган. Ошол учурдан тартып, тарыхта  жаңы көз карандысыз мамлекет - Кыргыз Республикасынын жашоосу башталган. Эгемендүүлүк жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы тарыхый чен өлчөм менен алып караганда узак жолду басып өттү. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы - демократиялык мамлекет катары акырындык менен өнүгүп дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары өз ордун тапты», - деп билдирди Олег Панкратов.

Өз куттуктоосунда вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын негизги байлыгы анын эли болуп саналаарын белгиледи.

«Бул багытта 80 ашык улуттун өкүлү жашаган Чүй облусу жылуу коңшулук мамиленин жана өз-ара көмөк көрсөтүүнүн жаркын мисалы болуп бере алат. Адаттагыдай, Чүй облусу атамекендик экономиканын алдыңкы катардагысы болуп саналат. Аймакта жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө тийиштүү салымын кошкон ири өнөр жай жана агрардык ишканалар жайгашкан. Атап айтканда, республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн 40 % жана өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 26 % көлөмү Чүй облусуна туура келет», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов жалпы журтка – чың ден соолук, тынчтыкты жана иштериндеги ийгиликтерди, ал эми мамлекетибизге саясый стабилдүүлүктү, гүлдөп өсүүнү жана экономикалык ырааттуу өнүгүүнү каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү