07

Октябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Өкмөт Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого чоң маани берет

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Үч-Коргон гидроэлектростанциясын реконструкциялоо долбооруна чоң маани берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз-Россиялык Өнүктүрүү фонду менен биргеликте энергетикалык тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму (АСКУЭ) электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүүгө жана тармактагы коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Муну эске алуу менен акыркы кездерде электр энергиясын эсепке алуунун электрондук жабдууларын, же “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу кеңири жайылтылууда. Жакынкы жылдары болжол менен 400 миң “акылдуу эсептегич” орнотуу пландаштырылууда. Мындай эсептегичтер өлкө ичинде өндүрүлмөкчү. Кыргыз-Россиялык Өнүктүрүү фонду аталган долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр, албетте бул экономикалык жактан пайдалуу эсептелет», – деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Анын айтымында, Үч-Коргон ГЭСин реконструкцияланышы өлкөнүн энергетикалык тармагы үчүн чоң мааниге ээ.

«Үч-Коргон ГЭС ондоо жалпысынан 5 жылдык убакытты алат.  Бардык иштер бүткөрүлгөн соң, гидростанциянын суммардык кубаттуулугу 60 МВт жогорулайт. Жыл сайын электр энергиясына карата муктаждыктын өсүшү байкалган шартта, биз жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды түзүү үстүндө иштешибиз керек», - деди ал.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Олег Панкратов «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКга Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду менен биргеликте долбоорду ишке ашырууга даяр инвесторду издөө максатында Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо маселесин тыкыр иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү