28
Ноябрь
Вице-премьер-министр Олег Панкратов ЮНИДОнун 50-кеңешмесинин ишине катышты
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Вена эл аралык борборунда өткөн БУУ өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюм кеңешмесинин (UNIDO) 50-юбилейлик кеңешмесинин ишине катышты.
«Кыргыз Республикасы өнөр жайды өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүү маселесинде UNIDO менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биз республиканын өнөр жай мүмкүндүгүн арттырууга багытталган деталдаштырылган кадамдык иш-аракететр планын иштеп чыгууга жөндөмдүү ачык жана конструктивдүү баарлашуу үчүн чыгуудабыз», – деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов өз сөзүндө жана Кыргызстан өлкөлүк өнөктөштүк боюнча программага активдүү катышууга даярдыгын билдирди.
Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү UNIDOнун инклюзивдик жана туруктуу өнүгүү боюнча демилгесин колдоого алаарын билдирди.
«Туруктуу өнүктүрүү максаттарын толугу менен ишке ашырууда өнүгүп келе жаткан мамлекеттин катарына кирген биздин өлкөгө көмөк керек болот. Муну эске алуу менен биз Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда UNIDO менен финансылык-техникалык кызматташтыкка жана анын көмөгүнө таянабыз. Буга катар биз UNIDOго мүчө-мамлекеттерге Кыргыз Республикасына өнөр жайды өнүктүрүүнүн тездетилген туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү өлкөлүк өнөктөштүк программасы боюнча пилоттук өлкө катары көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен карылууга ниеттенүүдөбүз», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
БУУ уюм кеңешмесинин (UNIDO) 50-юбилейлик кеңешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратовдун жана Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатиловдун жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.
Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов маалымдагандай, Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына өнөр жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга 500 миң АКШ долларын бөлүү чечимин кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү