27

Январь

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Салык кодексинин жаңы редакциясынын үстүндө иш алып баруу ачык-айкын жүргүзүлүшү зарыл

Салык кодексинин жаңы редакциясынын үстүндө иш алып баруу ачык-айкын жүргүзүлүшү зарыл, - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 27-январда, бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, Салык кодексинин жаңы редакциясы фискалдык саясаттагы кесин өзгөртүүлөрдү карабайт.

«Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу акыркы жылдары учурдагы редакцияга бир нече ирет өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу болууда. Бул Салык кодексинин айрым беренелери жана жоболору бири-бирине карама-каршы келүүсүнө алып келген», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууга активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылды.

«Аталган документти бардыгы күтүп жатышат. Муну эске алуу менен  документтин үстүндө биргеликте иштөө зарыл. Анткени документ ишкердиктин жана коомдун кызыкчылыгына жооп берүүсү керек. Өзгөчө көңүлдү Салык кодексинин жаңы редакциясы 2016-жылдын декабрында кол коюлган ЕАЭБ Бажы кодекси менен айкалышуусуна буруу керек», - деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Жыйын соңунда 3 күндүн ичинде бизнес коомчулугу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине  Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу  жана анын регулятивдик таасирин талдоо процедурасын жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамына өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин берүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү