21

Июль

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Россиянын аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү эки өлкө элинин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт

Россиянын  аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү кыргыз-орус элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Россия Федерациясынын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен болгон жолугушууда  билдирди.  

«Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет. Челябинск облусу Россиянын өнөр жайлуу борборлорунун бири экенин эске алуу менен машина куруу  жана металлургия өндүрүшү, ошондой эле агроөнөржай комплекси динамикалуу өнүгүүдө. Кыргыз Республикасы Россиянын Челябинск облусунун ишкерлери ортосунда узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар», - деп баса белгиледи ал.

Россия Федерациясынын  Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский белгилегендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Челябинск облусунун ортосундагы товар жүгүртүү 99 млн АКШ долларын түзгөн,  2015-жылга салыштырмалуу 10% көбөйгөн.

«Бул жылы өз ара товар алмашуунун өскөндүгү байкалууда. Мындай оң натыйжалар мындан ары да ар түрдүү тармактарда жемиштүү кызматташууга жол ачат. Бизге айыл чарба, соода, логистика жана машина куруу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу кызыктуу. Биз европа стандартындагы даяр  күнөскана комплекстерин, анча чоң эмес дыйкан чарбалары үчүн тракторлорду  тийиштүү жабдуудары менен жеткирүүгө,   Кыргыз Республикасынын аймагында өндүргөн өндүрүштү ишке ашыруну сунуштайбыз. Мындан тышкары облус бош айдоо аянттарына ээ. Ошондуктан кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен  фермерлерин аларды биргеликте өздөштүрүүгө чакырам», - деди Челябинск обласунун башчысы Борис Дубровский.

[su_carousel source="media: 99841,99842,99843,99844,99845" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү