05

Октябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Бүгүнкү күндө ырааттуу өнүгүү үчүн бизнес жана өнөр жайга заманбап инфраструктура талап кылынат

Бүгүнкү күндө ырааттуу өнүгүү үчүн бизнес жана өнөр жайга заманбап инфраструктура талап кылынат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 5-октябрда, сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форумунда билдирди.

Ал белгилегендей, инфраструктуранын жакшыртылышы өлкөдөгү өзгөрүүлөргө чоң түрткү берет.

«Жалпыбызга белгилүү болгондой, эгерде мамлекетте сапаттуу жолдор тармагы пайда болсо, ал экономиканын өнүгүүсү үчүн жарым иш аткарылгандыгын айгинелейт.  Эгерде өлкөдө заманбап сапат инфраструктурасы түзүлсө, анда бул мамлекетте өнүктүрүлүгөн товарлар үчүн дээрлик бардык дүйнөлүк рыноктордун эшиги ачылат. Мында эки гана мисал келтирилди, бирок алар ар-бир мамлекеттин келечеги үчүн инфраструктуранын маанисин ачык көрсөтөт», – деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Ал Япония сапат маселесинде лидер саналарын айтып, товар өндүрүүдө, же транспорт инфраструктурасы тармагында алдыда тураарын белгиледи.

«Кыргызстан совет өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Буга катар 2015-жылы биздин республика 180 млн рыноктуу Евразиялык Экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калды. Мындан тышкары, жакында республика Жалпы жеңилдиктер тутумунун (ВСП+) макамына ээ болду, бул кыргыз экспортерлоруна Евробиримдик өлкөлөрүнө нөлдүк көрсөткүч боюнча 6000 товардык позиция боюнча жеңилдик берет. Бирок ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда биздин өлкө үчүн сапаттуу инфраструктура түзүү маселеси маанилүү орунда турат», - деди Олег Панкратов.

Сапаттуу инфраструктура боюнча кыргыз-япон форумунун максаты – Кыргызстан жана Япониянын ишкер чөйрөсүнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү маселесин өкмөттүн жана жеке сектордун деңгээлинде талкуулоо. Форумга 19 япон компаниясынын ири өкүлдөрү катышты, алардын катарында «Panasonic Corporation», «Mitsubishi Corporation», «Nippon Steel» өкүлдөрү бар. Япон делегациясын Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министринин орун басары Хирофуми Ханаока жетектеп келген.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү