18
Май
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: ЕЭК кеңеши ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшүн камсыз кылууга, документтерди иштеп чыгууну күчөтүүгө жана жарандардын жакшы жашоосуна багыт алат
Евразия Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүндөгү экономиканын өсүшүн камсыз кылууга, документтерди иштеп чыгууну күчөтүүгө жана жарандардын жакшы жашоосуна багыт алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасын вице-премьер-министри, Евразия Экономикалык комиссиясынын Кеңешинин төрагасы Олег Панкратов бүгүн, 17-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында экономика, соода, бажы декларациялары, транспорт жана дары-дармек саясатын жөнго салуу тууралуу маселелер талкууланды.
«ЕЭК Кеңешинин күн тартибине кирген маселелер ар тармактуу мүнөздү камтыйт. Жыйындын жүрүшүндө биз көпчүлүк маселелер боюнча бир консенсуска келе алдык. Мен ишенем, азыркы биз карап жактырган маселелер мурдагы кол коюлган документтер сыяктуу эле ЕАЭБ алкагында өнүгүүгө өз таасирин тийгизе алат. Кабыл алынган документтер ишкерлик демилгелерди өнүктүрүүгө жана бизнес чөйрөсүн колдоого багытталганы баарынан маанилүү», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Евразия Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынтыгында ЕАЭБ мындан аркы интеграциялык өнүгүүсүнө багытталган бир катар документтер жактырылды.
Евразия Экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынына Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы жана Россия Федерациясы, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, Коллегиянын мүчөлөрү ЕЭК (министрлери) катышты.
[su_carousel source="media: 95005,95006" limit="60" link="image" title="no"][su_custom_gallery source="media: 94757"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү