24

Июнь

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Товардык каражаттарды идентификациялоодогу маркировкалоо механизмдерин ишке киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Товардык каражаттарды идентификациялоодогу маркировкалоо механизмдерин ишке киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин төрагасы, Олег Панкратов Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин (ЕЭК) кезектеги жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, жумушчу топко ЕЭК министрлери жана улуттук өкмөттөрдүн мүчөлөрү кирди.

«Бирдиктүү укуктук талаанын алкагында маркировкалоо системасын өнүктүрүүнү ишке ашыруу керектиги тууралуу бир пикирге келдик. Бизге бардык колдонулуучу технологияларды бириктирүүнү камсыз кылуу өтө маанилүү. Бул товарларды эркин ташуу үчүн кошумча тоскоолдуктардын жаралуусун алып салууга мүкүнчүлүк берет. Жумуш тобунун мүчөлөрү товардык каражаттарды идентификациялоодогу маркировкалоо механизмдерин ишке киргизүүнү иштеп чыгуу үчүн коюлган тапшырмаларды чечүүгө жана натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгууга ишенем », - деп билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, ЕЭК кеңешини жыйыны иштиктүү жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

«Бул ЕЭК кеңешинде биздин өлкөлөрдүн экономикасына таасир этүүчү маселелерди кароодо, ишкердикти жана жарандардын жашоо сапатын өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин талкууланып жаткандыгы менен байланыштуу. Негизги көңүл Евразиялык экономикалык бирлигинин алкагында товарларды жаңылоо механизмдери жөнүндөгү Макулдашууга бурулууда. Буга байланыштуу ЕАЭБ ички рыногунда жаңы тоскоолдуктар болбошу керек. ЕЭК кеңешини деңгээлинде өз ара тил табыштык жана алдыга карай жылгандыгыбызды айтып кетүүм керек. Мындан улам биримдиктеги катышуучу бардык өлкөлөрдүн жардамы менен зарыл маалымат алмашуусунда ЕАЭБ өз ара товар алмашуу жана тышкы маалыматтык системаны интеграциялоону ишке киргизүү боюнча Макулдашуу долбоору каралды», - деп белгиледи вице-премьер-министр Олег Панкратов. ЕЭК жыйынынын жүрүшүндө соода, бажылык башкаруу, транспорт, энергетика жана айыл чарба тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын жыйынына Армения Республикасынын, Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын өкүлдөрү, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) катышты.

[su_carousel source="media: 97893,97894" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97770,97773" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү