13

Июль

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ЮНИДО делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Өнөктөштүк боюнча башкы кеңешчи Виктор Загреков жетечилик кылган Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча (ЮНИДО) делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөнүн өнөр-жай тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасы жана ЮНИДО ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

ЮНИДО башкы кеңешчиси Виктор Загреков Олег Панкратовго Кыргыз Республикасы үчүн Өлкөлүк өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн шарттарды баалоо, ошондой эле 2017-2020-жылдарга карата Улуттук өнөр-жайды өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү боюнча жетектеген миссиясынын милдет-максаттары тууралуу айтып берди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов өлкөнүн өнөр-жайын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого багытталган Уюмдун долбоордук ишмердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

«Биз туризмди өнүктүрүүгө, курулуш материалдарын өндүрүүгө, ошондой эле экспорт үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталган бир катар долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруусу боюнча ЮНИДОнун Кыргызстандагы ишине жогору баа беребиз. Кичи ГЭСтер боюнча долбоор маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетким келет. Мунун бардыгы Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагындагы кызматташтык үчүн негиз түзөт», - деп белгиледи Олег Панкратов.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү