25

Ноябрь

2016

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Франциянын ишкерлер биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Франциянын «MEDEF international» ишкерлер биримдигинин «Франция-Борбордук Азия» Ишкерлер кеңешинин төрагасы К.Фонтен менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык келечегин жана 2017-жылдын биринчи жарымында Францияда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жана Франциянын бизнес-чөйрөсүнүн катышуусунда инвестициялык конференция өткөрүү мүмкүндүгүн талкуулады.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиевдин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту алга жылдыруу боюнча агенттиктин директору Алымбек Орозбековдун «MEDEF international» ар кыл багыттагы жетекчилери менен өз алдынча жолугушуулары орун алды.

Ишкер багытта жүргөн сүйлөшүүлөр учурунда тараптар келечекте жемиштүү өз-ара аракеттешүүгө багытталган эки тараптуу жана аймактык кызматташтык алкагында активдүү баарлашууну улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү