10

Июнь

2016

Олег Панкратов: Атамекендик текстилчилер өндүргөн продукциянын жогорку сапаты эртеңки күнгө ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет

Атамекендик текстилчилер өндүргөн продукциянын жогорку сапаты эртеңки күнгө ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Акыркы жылдары жеңил өнөр жай өндүрүшү кескин секирик жасап, атамекендик негизги тармактын бирине айланды. Алсак, акыркы 5 жылдын ичинде өндүрүлгөн текстилдик продукцияны экспорттоо көлөмү 650 млн АКШ доларынан ашты», – деди ал.

Олег Панкратов белгилегендей, экономикалык каатчылык шартында атамекендик текстилчилер өндүрүлгөн продукциянын ассортиментин кеңейтүү менен катар мурда жетишилген позицияларды сактап калууга күч жумшоодо.

«Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу кыргыз ишкерлери алдында өз ишкерлигин өнүктүрүүгө жаңы мейкиндиктерди жана мүмкүндүктөрдү ачууда. ЕАЭБ ге мүчө өлкөлөрдө 182 млн ашуун адам жашайт – бул кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн товарынын сапатын жакшы билген кеңири рынок болуп саналат. Бул биздин эртеңки күнгө ишенимдүү карообузга мүмкүндүк түзөт», - деп белгиледи Вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Ал белгилегендей, Өкмөт мындан ары карай дагы тигүү жана текстиль тармагынын өнүгүүсү үчүн тийиштүү көңүл буруп, колдоого алуусун улантат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү