06

Август

2016

Вице-премьер-министр Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 6-августта,   Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда маалымдалгандай, музейди реконструкциялоо иши эки баскычта аткарылат.  Биринчи баскыч алкагында музейдин имаратынын «Ала-Тоо» аянтына чейинки аймактагы фасадынын жарыктандыруусун өзгөртүү пландаштырылууда. Экинчи баскычта музейди реконструкциялоо иши толугу менен жыйынтыкталат. Учурда реконструкциялоо иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева ошондой эле музейдин айрым бөлмөлөрүндөгү өрттүн кесепети менен таанышып, аталган маселе боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн Аппаратына өрт кесепетинин натыйжасында келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүү жана реконструкциялоо учурунда Мамлекеттик тарых музейинин алтын фондун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүү тапшырылды.

Маалымдама: Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы неизделген. Заманбап имарат 1984-жылы курулган. Музей Борбор Азиядагы ири объектилердин катарына кирет, мында 135 миң жакын артефакт жана өлкөнүн кайталангыс тарыхый жана маданий эстеликтери сакталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү