13

Сентябрь

2017

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров тийиштүү мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөттө өлкөдө жол кырсыгынын санын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө буйрук берди

Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо системасын жакшыртуусун жүзөгө ашыруу үчүн аткарыла турган Комплекстүү иш-чаралардын  Планын ишке ашыруу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында Темир Жумакадыров өлкөдө жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алынган чаралар канааттандыраарлык эмес экендигин жана өлүмгө алып келген жол кырсыктарынын санынын өсүп жатканын баса белгиледи.

Вице-премьер-министрдин айтымында, түзүлгөн кырдаалда Өкмөт өлкөнүн жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүсү зарыл экендигин билдирди.

Темир Жумакадыров, жумушчу кеңешменин эки жума өткөнүн, анын жүрүшүндө Премьер-министр тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык иш-чаралардын Планындагы белгиленген мөөнөттөрдө кынтыксыз ишке ашыруусун эскертти.

Вице-премьер-министр белгилегендей,  Планда бекитилген  мөөнөттүн үчтөн бири учурдагы жылдын сентябрдын аягында бүтөөрүн,  андыктан тийиштүү мамлекеттик органдарга бул багытта өз ишин жандандырууну тапшырды.

Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын  жетекчилери өзүнүн мамлекеттик органдар аркылуу жол коопсуздугун реформалоо тууралуу жүзөгө ашыруу үчүн аткарыла турган Комплекстүү иш-чаралардын Планын ишке ашыруу  жөнүндө маалыматын беришти.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, аткарган иштери боюнча аралыктуу отчетторду угуп, министрликтер жана ведомстволор тарабынан жүргүзүлгөн иштер жетишсиз деңгээлде экендигин белгиледи.

Темир Жумакадыров өзгөчө белгилегендей, мамлекеттик органдардын жетекчилери иш-чаралар Планын шалаакылык катышы жана кеч аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчиликте болушаарын баса айтты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөттө өлкөдөгү жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүсүн тапшырды.

Ички иштер министрлигине ыкчам тартипте жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун чегинде чараларды көрүүсүн жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн потенциалын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди бүтүрүүсүн тапшырды.

Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министрлиги менен биргеликте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чакырмак  светофорлор объектилерин, өтмөктөрдүн жана транспорт каражаттардын жол линияларынын белгилерин (зебраларын), жол белгилерин орнотуу боюнча иштерин аягына келтирүү тапшырмасын берди.

Транспорт жана жолдор министрлигине тез аранын ичинде автоунаа жолдорундагы ажыратчу барьерлерин (парапеттерин) орнотууну жана жол инфраструктурасын модернизациялоо ишин күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо системасын жүзөгө ашыруу үчүн аткарыла турган Комплекстүү иш-чаралардын  Планын ишке ашыруусун жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

  su_carousel source="media: 103094,103095,103096,103097,103098,103099" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү