31

Август

2017

Вице-премьер-министр  Темир Жумакадыров  Ысык-Көл облусунун тургундарын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бүгүн, 31-августта, Вице- премьер-министр  Темир Жумакадыров , Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында салтанаттуу иш-чарага катышып,   аймактын тургундарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдык майрамы менен куттуктады.

"Кыргызстан эркин, динден тышкары, демократиялуу, укуктук мамлекетти куруу жолун тандап алган. Болгон кыйынчылыктарга карабастан, өлкө максаттарга жетүү үчүн кыйла кадамдарды жасап ,  мындан ары өнүктүрүү үчүн негиз болуп саналган көптөгөн оң жыйынтыктарга жетишип жатат. Акыркы жылдары  экономикалык өсүш, карапайым жарандардын жашоосунун оңолушу,  материалдык-техникалык база, билим берүү системасы жана саламаттыкты сактоо жакшыртылып жатат. Күнүмдүк турмуштагы бардык ушул оң көрүнүштөр жарандардын жаркын, тынч келечектеги "ишенимдерин", шыктандырат, - деди вице-премьер-министр.

Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" аттуу ,  5 жылдын ичинде 40 негизги кадамдарды бир учурда ишке ашырууга арналган программасына кеңири токтолуп кетти.

"Ар бир кадам жашоо сапатын жакшыртууга багытталган жана экономиканын жана коомдун учурдагы проблемаларды чечүү үчүн конкреттүү механизмдерин киргизүү максатында иштелип чыккан. Программа "Жаңы доорго - кырк кадам" үч негизги максатты камтыйт: экономикалык элинин жыргалчылыгы, коомдук жашоо коопсуздугу, жарандардын жашоо-турмушу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат, алар 2017 жылдан баштап этап-этабы менен ишке ашырылат", - деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер министр, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  региондорду өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бураарын, аларга тийиштүү ички түзүмүн (инфраструктура)түзөөрүн белгиледи.

"Ошондой эле, Ысык-Көл облусунунда көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор системалуу ишке ашырылууда. Чолпон-Ата шаарында  Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүү үчүн заманбап ипподром тургузулган, жана Балыкчы — Чолпон-Ата – Корумду жол курулуп жатат. Мындан тышкары, айлампа Түндүк-Түштүк жолу курулуп, ал региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө эң жакшы таасирин көрсөтөт,", — деп белгиледи вице-премьер-министр Темир Жумакадыров.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү