01

Сентябрь

2017

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров: Ысык-Көл облусунда 5 мектеп жана 4 бала жакын арада пайдаланууга берилет

Билим берүү мекемелеринин тармагын чыңдоо максатында, 2017-жылы Ысык-Көл облусунда   ар түрдүү каржылоо булактардын эсебинен  17 мектеп, 8 бала бакча жана 8 спорттук залдар курулуп жатат. Алардын ичинен 5 мектеп жана 4 бала бакча жакын арада пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл  районундагы Орто-Өрүктү айылында Жапар Шабиров атындагы жаңы орто мектептин ачылыш аземинде  билдирди.

Ж. Шабиров атындагы мектеп  225 окуучуга эсептелген, анын курулушуна республикалык бюджеттен  47 млн сом. бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан  Ысык-Көл районунун тургундарын Курман айт майрамы жана Билим күнү менен куттуктады.  Ошону менен бирге, ал Өкмөттүн "Жаңы доорго – кырк кадам" Программасындагы  билим берүү жана илим боюнча айрым пункттарын маалымдап кетти.

"Бел болчу Билим. Из калтыруучу илим" реформа программасы мектептер үчүн зарыл шарттарды түзүү, мектептерди квалификациялуу мектепке чейинки жана мектептик кадрлар менен камсыз кылуу,  жаңы стандарттарды жана окутуу методдорун киргизүү  жана билим берүү башкаруу системасын өркүндөтүү болуп саналат.

Кесиптик-техникалык окуу жай  түздөн-түз иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болот. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын бир бөлүгү программалык адистерди окутуу боюнча багытталат, илимди каржылоо артыкчылыктуу багыттар долбоордун негизинде жана мамлекеттин талабы менен кабыл алынат”, - деп билдирди Темир Жумакадыров.

Ал өз сөзүндө, эмгек рыногунун талабына карата жана өлкөнүн экономикасынын негизинде жогорку квалификациялуу адистерди жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринде окутуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйынтыгында, Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров мугалимдерге жана мектеп окуучуларына жаңы окуу жылында чың ден-соолук, бакубаттуулук жана ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү