25

Июнь

2015

Вице-премьер-министр Валерий Диль “Сүлүктү-көмүр” ААК түзүлгөн абал боюнча кеңешме өткөрдү

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан “Сүлүктү-көмүр” ишканасынын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча кеңешме учурунда билдирди.

“Учурда өлкөнүн көмүр өнөр-жайы жогорулоодо. Муну эске алуу менен “Сүлүктү-көмүр” ишканасынын келечеги бар деп эсептеймин. Бирок аны динамикалуу өнүктүрүү үчүн бир катар маселелерди, анын катарында социалдык жана салык органдары астындагы карыздарына тийиштүү көйгөйдү чечүү зарыл. Андан соң гана ишкананы жана анын кубаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошуучу инвестор пайда болушу ыктымал», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль мамлекеттик органдарга “Сүлүктү-көмүр” ишканасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук келтирген көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү